Ылай-Талаа айылдык Кенешинин кезектеги ХVIII сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышынын
Т О К Т О М У
№ 18/1.1
29- октябрь 2020-жыл, Ылай-Талаа айылы
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген
бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3,4-пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Ылай-Талаа айылдык Кенешинин төрагасы: Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 29.10.2020-жылдагы
№ 18/1.1 токтомуна тиркеме
2020-жылдын бюджетине төмөндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү
| № | Глава | Параграф | Берене | Өзгөртүүлөр (сом) | Анын ичинен (сом) | ||||
| Көбөйтүлөт | Азайтылат | I кв | II кв | III кв | IV кв | ||||
| 1 | 709 | 311 | 100 | - | 100 000 | - | - | - | 100 000 |
| 2 | 709 | 222 | 200 | 100 000 | - | - | - | - | 100 000 |
| 3 | 709 | 311 | 100 | - | 46 000 | - | - | - | 46 000 |
| 4 | 709 | 222 | 200 | 46 000 | - | - | - | - | 46 000 |
| 5 | 709 | 223 | 200 | - | 50 000 | - | - | - | 50 000 |
| 6 | 709 | 223 | 200 | 50 000 | - | - | - | - | 50 000 |
| 7 | 709 | 223 | 200 | - | 70 000 | - | - | - | 70 000 |
| 8 | 709 | 311 | 100 | 70 000 | - | - | - | - | 70 000 |
| 9 | 704 | 2215 | 900 | 50 000 | - | - | - | - | 50 000 |
| 10 | 706 | 2215 | 900 | 50 000 | - | - | - | - | 50 000 |
| 11 | 706 | 222 | 200 | 100 000 | - | - | - | - | 100 000 |
| 12 | 708 | 222 | 200 | 20 000 | - | - | - | - | 20 000 |
| 13 | 709 | 222 | 200 | 50 000 | - | - | - | - | 50 000 |
| 14 | 709 | 222 | 200 | 50 000 | - | - | - | - | 50 000 |
| 15 | 709 | 222 | 200 | 22 219 | - | - | - | - | 22 219 |
| 16 | 701 | 2111 | 100 | 67 200 | - | - | - | - | 67 200 |
| 17 | 701 | 2121 | 100 | 9 900 | - | - | - | - | 9 900 |
| 18 | 701 | 2111 | 100 | 134 600 | - | - | - | - | 134 600 |
| 19 | 701 | 2121 | 100 | 23 200 | - | - | - | - | 23 200 |
| 20 | 701 | 2211 | 100 | - | 100 000 | - | - | - | 100 000 |
| 21 | 704 | 2215 | 900 | 60 000 | - | - | - | - | 60 000 |
| 22 | 706 | 2215 | 900 | 40 000 | - | - | - | - | 40 000 |
| 23 | 706 | 223 | 200 | - | 150 000 | - | - | - | 150 000 |
| 24 | 706 | 2215 | 900 | 100 000 | - | - | - | - | 100 000 |
| 25 | 706 | 222 | 200 | 50 000 | - | - | - | - | 50 000 |
| 26 | 710 | 2215 | 900 | - | 50 000 | - | - | - | 50 000 |
| 27 | 710 | 2721 | 200 | 50 000 | - | - | - | - | 50 000 |
| 28 | 708 | 2215 | 900 | - | 40 000 | - | - | - | 40 000 |
| 29 | 708 | 222 | 200 | 40 000 | - | - | - | - | 40 000 |
| Бардыгы: | - | - | 1 183 119 | 606 000 | - | - | - | 1 789 119 | |
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы : С.Осмоналиев
Ылай-Талаа айылдык Кенешинин кезектеги ХVIII сессиясынын (VI чакырылыш)
жыйналышынын
Т О К Т О М У
№ 18/2
Ылай-Талаа айылы. 29-октябрь 2020-жыл
Ылай-Талаа айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин ш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3.4 –пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу, айыл аймагына тартылган дем берүүчү гранттык каражаттардын пайдаланышы боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө” Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн социалдык маданий иштери боюнча жетектөөчү адиси К.Маметовдун маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Билим берүү мекемелериндеги окуу процесстерин алдыда келе жаткан күз-кыш сезонунда үзгүлтүккө учуратпоо максатында алардын иш аракеттерин жана аларда эмгектенип жана билим алып жаткан жарандарга азыркы пандемия мезгилинде тиешелүү шарттарды түзүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана материалдык каражаттарды максаттуу пайдалануу, бул багытта көзөмөлдү күчөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жана билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы : Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кенешинин кезектеги ХVIII сессиясынын (VI чакырылыш)
жыйналышынын
Т О К Т О М У
№ 18/3
Ылай-Талаа айылы. 29-октябрь 2020-жыл
Айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын көтөрүүдө айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин турмуш шартын жакшыртууда, ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери боюнча айыл өкмөтүнүн турак-жай, коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Б.Коңурбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын ьогуз айында айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин турмуш шартын жакшыртууда, ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында айыл аймагына сырткы жана ички инвестиция, гранттарды тартуу, чет элдик донордук уюмдар менен тыгыз иштешүү боюнча мындан ары да тынымсыз аракеттерди көрө берүү, башталган, иштеп жаткан долбоорлорду аягына чыгуу менен бирге кетирилген кемчилдиктерди четтетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин курулуш, транспорт, соода, байланыш, инвестиция, энергетика социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Д.Мамазайиров) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы : Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кенешинин кезектеги ХVIII сессиясынын (VI чакырылыш)
жыйналышынын
Т О К Т О М У
№ 18/4
Ылай-Талаа айылы. 29-октябрь 2020-жыл
Ылай-Талаа айылынын Ой-Кум участкасындагы суу лотогунун астындагы көчөгө (маркум) Сайдинов Болоттун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын Ой-Кум участкасынын жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2020-жылдын 15-октябрындагы жыйынынын №1 протоколун карап чыгып айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы: Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин ( VI чакырылыш) кезексиз ХVIII сессиясынын
Т О К Т О М У
№ 18/1
Ылай-Талаа айылы , 6-октябрь 2020-жыл
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31- декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган финансалык тартип бузуулар жана көрсөтүлгөн кемчилдиктер жөнүндө
Ылаай-Талаа айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагыжергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган финансалык тартип бузуулар боюнча төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, жарандык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомун бузуу менен маданият кызматкерлерине 12,3 миң сом аванс төлөнүп берилген жана эмгек акыдан кармалбай калган. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-август 2008-жылдагы № 471 “Сапар чыгымдарын төлөө” жөнүндөгү токтомуна ылайык аудит мезгилинде 22 кызматкерге 10,3 миң сомго сапар чыгымдарын ашыкча төлөнгөндүгү аныкталып бул чыгымдар аудит мезгилинде көрүлгөн чаралардын негизинде өз ордуна коюлган. 2018-2019-жылдарга ижарага берилбей калган 108 га КБФнун жеринен бюджетке түшпөй калган суммасы 200,6 миң сомду түзүп ушул суммага айыл өкмөтүнүн бюджетине жоготуу болгондугу аныкталган.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы тууралуу отчетто белгиленген финансалык тартип бузууларды, кетирилген кемчилдиктерди эске алып, угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы : Н.Жолдошов