Ылай-Талаа айылдык Кенешинин кезексиз ХVII сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышынын
Т О К Т О М У
№ 17/1
19- июнь 2020-жыл, Ылай-Талаа айылы
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген
бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүжөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3,4-пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Ылай-Талаа айылдык Кенешинин төрагасы: Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 19.06.2020-жылдагы № 17/1 токтомуна тиркеме
2020-жылдын бюджетине төмөндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү
| № | Глава | Параграф | Берене | Өзгөртүүлөр | Өзгөртүүлөр | Анын ичинен | Анын ичинен | Анын ичинен | Анын ичинен |
| Көбөйтүлөт | Азайтылат | I кв | II кв | III кв | IV кв | ||||
| 1 | 701 | 22154 | 900 | - | 50000 | - | 50000 | - | - |
| 2 | 708 | 22154 | 900 | - | 160000 | - | 160000 | - | - |
| 3 | 706 | 22211 | 100 | 210000 | - | 210000 | - | - | |
| 210000 | 210000 | - | 420000 | - | - | ||||
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы : С.Осмоналиев
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз ХVII сессиясынын жыйналышынын
Т О К Т О М У
№ 17/2
19-июнь 2020-жыл, Ылай-Талаа айылы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомунун негизинде айылдык кеңештин катчысы кызмат оруну киргизилгендигине байланыштуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык түзүмүн кайрадан бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 31.01.2017-жылдагы №17-“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндөгү ” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомун негиз кылып калкынын саны 6001ден ашкан айылдык аймактарда айылдык кеңештин катчысы кызмат оруну киргизилгендиги боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык түзүмү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
( тиркеме тиркелет ).
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы: Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 19.06.2020-жылдагы № 17/2 токтомуна тиркеме
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын өзгөртүлгөн типтүү түзүмү жана штаттык
саны төмөндөгүдөй
КУРАМДА :
| № | Аталышы | Саны |
| 1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
| 2 | Башчынын орун басары | 1 |
| 3 | Жооптуу катчы | 1 |
| 4 | Бөлүм башчы | 1 |
| Кеңештин иштери боюнча: | ||
| 1 | Айылдык кеңештин катчысы | 1 |
| Башкы адистер: | ||
| 1 | Айыл чарбасы жана жер, турак жай маселелери боюнча адис | 1 |
| 2 | Мал чарбасы жана ветеринария жана адис | 1 |
| 3 | Коммуналдык менчик, турак жай, өзгөчө кырдаалдар боюнча адис | 1 |
| 4 | Компьютердик технологиялар жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1 |
| Жетектөөчү адистер: | ||
| 1 | Социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча адис | 1 |
| 2 | Статист-экономист | 1 |
| 3 | Кирешелер боюнча адис | 2 |
| Адистер: | ||
| 1 | Кадр маселелери боюнча адис | 1 |
| 2 | Маалымат алмашуу адиси | 1 |
| Айыл башчылар: | ||
| 1 | Сай айылынын айыл башчысы | 1 |
| 2 | Шаркыратма айылынын айыл башчысы | 1 |
| 3 | Жылкол айылынын айыл башчысы | 1 |
| 4 | Сары-Таш айылынын айыл башчысы | 1 |
| Аскердик каттого алуу бөлүмү: | ||
| 1 | Аскердик иштер боюнча адис | 1 |
| 2 | Аскердик иштер боюнча адис | 1 |
| ТОП, МОПтор боюнча | ||
| 1 | Кароол | 1 |
| 2 | Уборщица | 1 |
| Жалпы айыл өкмөт боюнча: | 23 штат |
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы : С.Осмоналиев
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз ХVII сессиясынын жыйналышынын
Т О К Т О М У
№ 17/4
19-июнь 2020-жыл, Ылай-Талаа айылы
Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айрым жерлерин ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтомунун 3-бөлүгүнүн 21-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” токтомунун 3-бөлүмүнүн 21-бөлүмчөсүнүн негизинде айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Исаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
( тиркеме тиркелет )
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы: Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 19.06.2020-жылдагы № 17/4 токтомуна тиркеме
Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун ижара акысынан бошотулган
жерлеринин жайгашкан контуру боюнча
Т И З М Е С И :
| № | Жайгашкан дареги, аталышы | Жер тилкесинин өлчөмү га менен | Жайгашкан контуру |
| 1 | Жазы-Кечүү | 20 | 360 |
| 2 | Ак-Колот | 8 | 312 |
| 3 | Ак-Курбу | 29 | 466 |
| 4 | Бел-Башат | 62 | 172 |
| 5 | Сары-Башыл | 25 | 358 |
| 6 | Шамалдуу-Конуш | 17 | |
| 7 | Кичи-Ак-Ой | 4 | 479 |
| 8 | Сары-Ой | 25 | 174 |
| 9 | Ийри-Суу | 45 | 340/334 |
| 10 | Кара-Ойдун бети | 3.6 | 362 |
| 11 | Чоң-Боз-Дөң | 20 | 297 |
| 12 | Бакпас | 6.1 | 457 |
| 13 | Кара-Чачтын ою | 2.5 | 300 |
| 14 | Беш-Теректин чуңкуру | 4.2 | 259 |
| 15 | Караган чуңкур | 25 | |
| 16 | Көк-Жар | 1.6 | 258 |
| 17 | Түрк кончу | 12 | |
| 18 | Күндө көчөр | 4 | |
| 19 | Суу кирген пор | 5 | |
| Бардыгы: | 319 |
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: С.Осмоналиев
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХI сессиясынын жыйналышынын
Т О К Т О М У
№ 11/5
25-декабрь 2018-жыл, Ылай-Талаа айылы
Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы айрым жер аянттарын Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомунун негизинде жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү бекитилген убактылуу жобонун талаптарына шайкеш келтирүү жөнүндө
Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы айрым жер аянттарын Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомунун негизинде жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү бекитилген убактылуу жобонун талаптарына шайкеш келтирүү максатында Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 31.10.2018-жылдагы № 512 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа жана Сай айылдарынын аймагында ишке ашырылсын.
2. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен: Сай айылынын № 66 контурунун “Котур-Дөбө” участкасынан 5,0 (беш) га сугат айдоо, Сай айылынын № 217 контурунун “Ак-Талаа” участкасынан 4,0 (төрт) га сугат айдоо, Ылай-Талаа айылынын № 23 контурунун “Каманчы” участкасынан 9,0 (тогуз) га сугат айдоо, жалпысынан 18,0 (он сегиз) га сугат айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомунун убактылуу жобосунун талаптарына ылайык ишке ашырылышы мүмкүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы: Н.Жолдошов
ссылка для просмотра файла: /upload/file/TOKTOMDOR.docx