Ылай-Талаа айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын 8-кезексиз сессиясы, 17-август 2018-жыл, токтом №8/1

12 Октября 2018


Ылай-Талаа айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын 8-кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

17-август 2018-жыл                        №8/1                       Ылай-Талаа айылы


“Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын” бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарынын жергиликтүү жамааттын Уставын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Ылай-Талаа айылдык кенешинин мызмадуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Ылай-Талаа айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-бересинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Тиркемедеги Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
  2. Ушул токтом жана Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo,gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
  3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык кеңешинин мызмадуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
  5. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы                     Н. Жолдошов

 

Жүктөө үчүн: Ылай-Талаа айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын 8-кезексиз сессиясы, 17-август 2018-жыл, токтом №8/1: “Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын” бекитүү жөнүндө