Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ПАСПОРТУ
Ош областындагы Кара–Кулжа районунун Ылай–Талаа айыл аймагы
Ылай-Талаа айыл аймагы Ош областынын Кара-Кулжа районуна карайт. Ылай-Талаа АӨ Ош областынын борбору Ош шаарынан 110км, ал эми райондун борбору Кара-Кулжа айылынын 13-15км аралыкта жайгашкан. Айыл аймак тоолуу аймактардын катарына кирет, деңиз деңгээлинен 1150-2300 метр бийиктикте жайгашкан.
АӨ борбору Ылай-Талаа айылы болуп саналат. Жалпысынан 5 айылдан турат. Алар Ылай -Талаа, Сай, Жылкол, Шаркыратма, Сары-Таш айылдары.
Административдык – аймактык бөлүнүшү:
| № | Айылдардын аталыштары: | Элдин саны | Кожолуктун саны |
| 1 | Ылай–Талаа | 7111 | 1377 |
| 2 | Сай | 2589 | 525 |
| 3 | Шаркыратма | 469 | 97 |
| 4 | Жылкол | 448 | 86 |
| 5 | Сары–Таш | 207 | 55 |
Анын ичинен үлүшкө кеткен жер:
Анын ичинен ФПСтин жерлери:
Негизинен дан өсүмдүктөрү буудай, күн карама, картошка, жашылча, көп жылдык жана башкалар өстүрүлөт:
Мал Чарбачылыгы:
Коммуналдык тармактар боюнча:
Билим беруу дене тарбиялоо тармактары:
Мекеме уюмдар:
Маданият тармактары боюнча:
Саламаттыкты сактоо боюнча:
Өмөш Абдылдаев атындагы орто мектеби жөнүндө маалымат:
Өмөш Абдылдаев атындагы орто мектеби алгач 1992-жылы 26-августта курулушу толук бүтбөй пайдаланууга берилген.Ошол мезгилде мектепте 34 класс комплект болгон.Али бүтбөгөн мектепте 56 мугалим 820 окуучуга билим берүү процессин баштаган.
Ылай-Талаа орто мектебине 2000-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун жана Эмгектин ардагери Өмөш Абдылдаевтин ысымы ыйгарылган азыркы учурда 7 мугалим Билим берүүнүн мыктысы,2 мугалим Билим берүүнүн министрлигининин, 9 мугалим облустук жана 5 мугалим райондук грамотасынын ээлери. Бардыгы 41 мугалим эмгектенет.Жалпы 21 класс комплексинде 582 окуучу билим алууда.
Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгында 2015-2016-окуу жылында Эң жогорку көрсөткуч 199 упай,орточо 126,7 упайды көрсөттү .2016-жылкы олимпиаданын областык туруна математика предметине Тажибаев Амантур катышып II орунду ээледи.Ошондой эле мектепте “Манас Жаштары Уюму” ийгиликтүү иш жүргүзүп келе жатат.2014-жылы “Мыкты Манас Жаштар Уюму -2014” сынагында райондо,обласста биринчи орунду камсыз кылып,громата жана баалуу белектер менен сыйланган.Мектептин техникалык базасын чыңдоодо 2003-2007-жылдары МЕРСИКО, АРИС уюмдарына долбоорлор жазылып, натыйжада 1 млн. 980 миң сомдук мектептин 4 корпусунун чатыры шифер менен жабылды.Андан соң БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасына долбоору жазылып мектептин ашканасы 350 миң сомдук заманбап жабдуулар менен жабдылды.АБРдин жардамы менен 3 млн.200 миң сомдук каражат менен мектептин жылытуу системасы, электрдик жабдуулары толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлдү жана 1 компьютердик,1 лингафондук класс жабдуулары пайдаланууга берилди.
2014-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбековдун жана Ылай-Талаа айыл өкмөтү Каныбек Баатыровдун көптөгөн иш аракеттери менен республикалык бюджеттин стимфондунан 2 млн. 970 миң сом түрткү берүүчү грант,ардагер мугалим Моңолбаев Турдумамат 250 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 175 миң сом, бүтүрүү Дыйканов Сыдыктын 24 миң сом акча каражатына заманбап спорт зал бүткөрүлүп,ишке берилди.2014-жылы
Русский