Жарыя
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү муниципалдык менчикте турган Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылындагы Ж.Айтбаев атындагы толук эмес орто мектебинин эски имаратын жер аянтынан бөлүп, аукционго коюу түрү менен сатыка чыгарат.
Муниципалдык менчик укугуна ээ болгон маалыматтардын жана жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында алынган баалоо методикасын колдонуу менен талдоо жүргүзүлгөн баалануучу турак эмес имараттын базар наркы 141 268 (жүз кырк бир миң эки жүз алтымыш сегиз) сом.
Ысык прокатталган болот канал (швеллер) 55 (элүү беш) даана, бийиктиги 2500 (эки миң беш жүз) мм, баасы 30910 (отуз миң тогуз жүз он) сомдук, сатылуучу имарат курулуш материалдарынын жалпы баасы 172 178 (жүз жетимиш эки миң жүз жетимиш сегиз) сом.
Аукциондун баштапкы баасы 172 178 (жүз жетимиш эки миң жүз жетимиш сегиз) сом.
Дареги Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылындагы Ж.Айтбаев атындагы толук эмес орто мектебинин эски имараты.
Аукцион 15-августунда Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында өткөрүлөт.
Аукционго катышуучулар баштапкы баанын 5 (беш) % өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү Аукционго 1 (бир) күн калганга чейин төлөшү зарыл.
Аукционго катышуу үчүн арыздар Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Байланыш үчүн телефондор: 0773 82 15 24, 0773 31 01 81.
Ылай-Талаа айыл өкмөтү.