Жергиликтүү демилгелерди каржылоого жарыяланган конкурс жөнүндө
КУЛАКТАНДЫРУУ
1. Кулактандыруу чыккан күн: 2020-жылдын«31»- январь
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы Ылай-Талаа
3. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү: 2020-жылдын 30 март
4. Конкурска катышууга конкурстук өтүнмөнү берүү үчүн зарыл документтер:
1) кулактандыруунун 1-тиркемесине ылайык жазылган арыз.
2) паспорттун көчүрмөсү (жеке жактар үчүн), юридикалык жак катары каттоодон өткөнү тууралуу күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
3) кулактандыруунун 2-тиркемесине ылайык жазылган сунуш (жергиликтүү демилгенин сүрөттөлүшү) жана кулактандыруунун 3-тиркемесине ылайык жазылган бюджет.
Сунушка (жергиликтүү демилгенин сүрөттөлүшүнө) төмөнкүлөр тиркелет: милдеттенме каттар, чыгымдарды тастыктаган, конкурстун катышуучусунда ресурстар бар болгонун ырастаган финансылык жана башка документтер (жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша), эгерде зарыл болсо – жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон продукттарды, анын жыйынтыктарын жана объекттерди андан ары эксплуатациялоонун жана башкаруунун планы.
5. Конкурс жарыяланган жергиликтүү маанидеги маселелер, жергиликтүү демилгелер:
Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, калктуу конуштардагы жолдордун иштешин камсыз кылуу, турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо жана ташып кетүү.
6. Конкурс өтчү убактысы, орду жана тартиби:
Убактысы: 2020 –жылдын 14-февраль, 15 - 00
Орду: Ылай-Талаа АО имараты
Конкурс Ылай-Талаа айылдык аймагынын Ылай-Талаа айылынын жергиликтүү кеңешинин 2019 - жылдын «5»- ноябрь № 15/3 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык өткөрүлүп жатат. Аталган Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылган (сайт болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалымат тактасына жайгаштырылат).
7. Кулактандыруунун 4-тиркемесине ылайык долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери.
8. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо мөөнөтү: 2020-жылдын 14-февраль
9. Бир жергиликтүү демилгени ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттын максималдуу суммасы (эгерде сумма белгиленсе жазылат);
10. Конкурска катышуу үчүн формаларды алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почта дареги жана (же) бул формаларды электрондук түрүндө көчүрүп алуу үчүн анын расмий сайты:
Ylajtalaa.okmotu@bk.ru, сайт ylai-talaa-aimak.kg
11. Маалымат же түшүндүрмө сурап кайрылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу адамы менен байланышуу жолдору (фамилиясы, аты, телефон номери жана электрондук почтасынын дареги):
Коңурбаев Бердали Чоданович. Тел: 0778 08 41 64
12. Конкурстун шарттарын түшүндүрүп берүү өтүнмөлөрүн жиберип, жооп алуу үчүн мөөнөт: 2020-жылдын 14-февраль.
13. Конкурска катышууга документтерди жиберүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почта дареги, электрондук почтасы жана/же расмий сайты: Ylajtalaa.okmotu@bk.ru, сайт ylai-talaa-aimak.kg
14. Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
Күнү: 2020-жылдын 14-февраль
Убактысы: 15-00
15. Конкурстук өтүнмөлөр конкурстун катышуучуларына тизме боюнча берилет, ага конкурстун катышуучулары кол коюп, мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек (юридикалык жактар үчүн).
16. Конкурстук өтүнмөлөр үчүн формалар (кулактандыруунун тиркемелери) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылышы керек (сайт болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалымат тактасына жайгаштырылат) жана кызыкдар тараптардын суроо-талабы менен берилет.
17. Конкурстун катышуучусу конкурстук өтүнмөлөрдү комиссияга мамлекеттик же расмий тилде төмөнкү жолдордун бири менен берсе болот:
1) чапталган конверттин ичине салып, кагаз түрүндө жеке өзү алып барат, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почтасына жиберет;
2) PDF форматында сканерден өткөрүлгөн түрүндө электрондук почта аркылуу жиберет же конкурстун шарттарында ушундай мүмкүнчүлүк каралса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынынрасмий сайтына жиберет.