Жумушчу топту түзүү үчүн буйрук

12 Октября 2018


Б У Й Р У К
№ 44

Ылай-Талаа айылы      2-май     2018-жылы


Ылай-Талаа айылдык аймагынын Жергиликтүү жамааттын Уставын иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссия түзүү, жана иш планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин 2014-жылдын 4-мартындагы № 01-24/19-буйругунун негизинде айыл аймагында Жергиликтүү жамааттын Уставын иштеп чыгуу боюнча жер-жерлерде калктын пикирин эсепке алуу менен керектүү уюштуруу иштерин алып баруу максатында,


Б У Й Р У К    К Ы Л А М:


1. Ылай-Талаа айылдык аймагынын Жергиликтүү жамааттын Уставын иштеп чыгуу максатында төмөндөгүдөй курамда жумушчу комиссиясы түзүлсүн:

- Жолдошов Нурбек-Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун башчысы,


М Ү Ч Ө Л Ө Р Ү :


- Бекиев Шерали-айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,
- Осмоналиев Сулайман-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,
- Коңурбаев Бердали- айыл өкмөтүнүн башкы адиси,
- Насиров Айтмамат-ВУС кызматкери,
- Сыдыков Акунбек-Сай айылынын айыл башчысы,
- Майлыбашов Бейбаш- Шаркыратма айылынын айыл башчысы,
- Исаков Кадырбек- Жылкол айылынын айыл башчысы,
- Мамазайиров Султамамат-Сары-Таш айылынын айыл башчысы,
- Карабаев Садык-айылдык Кеңештин депутаты,
- Төрөгелдиева Бурул-айылдык Кеңештин депутаты,
- Маметов Кулмат-айылдык Кеңештин депутаты,
- Мырзалиев Бапай-Аксакалдар Сотунун төрагасы,
- Жаңыбаева Гүлсүнбү-аялдар Кеңешинин төрайымы,
- Жусупова Дилбар-Сай айылынын тургуну,

2. №1 тиркемедеги “Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын иштеп чыгуу боюнча айыл өкмөтүнүн” Иш Планы бекитилсин.
3. №2 тиркемедеги “Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставынын текстине маалыматтык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча” Планы бекитилсин.
4. №3 тиркемедеги “Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулоо боюнча жолугушууларды, чогулуштарды өткөрүү” Графиги бекитилсин.
5. Буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ш.Бекиевге тапшырылсын



Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыров

Жүктөө үчүн;  Ылай-Талаа айылдык аймагынын Жергиликтүү жамааттын Уставын иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссия түзүү, жана иш планын бекитүү жөнүндө буйрук