Ылай-Талаа айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын 8-кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
17-август 2018-жыл №8/1 Ылай-Талаа айылы
“Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарынын жергиликтүү жамааттын Уставын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Ылай-Талаа айылдык кенешинин мызмадуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Ылай-Талаа айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-бересинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Тиркемедеги Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
Ушул токтом жана Ылай-Талаа айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo,gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык кеңешинин мызмадуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: Н. Жолдошов